Жогорку Кеңеште Бишкектеги башаламан курулуш маселеси жана шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болот.
Быйыл 6-апрелде түзүлгөн комиссиянын курамына 11 депутат кирген. Буга чейинки отурумдарда борбор калаанын Башкы планынын ишке ашуусу, курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн уруксат кагаздары боюнча маселе талкууланган.
Бишкекте соңку жылдары кардардын акчасына үлүштүк негизде көп кабатуу үй курган ишканалар кескин көбөйдү. Алардын арасында уруксаты жок жерде курулуш жүргүзгөндөр бар экени айтылып келет.