Жаңылыктар
Президент Москвада ЖККУ саммитине катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Москвада ЖККУ саммитине катышат

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Москвада ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышат. 

Саммитке катышуу үчүн мамлекет башчысы Орусиянын борборуна 15-майда барды. Мамлекет башчынын учагы "Внуково 2" эл аралык аэропортуна конду. 

Бул ирет ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик жыйыны өтөт. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган. 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.