Сотторду ротация кылып башка аймакта дагы иштетип көрүү тажрыйбасы бул дүйнө жүзүндө кеңири тараган практика.
Мындай орун алмаштыруу биринчиден соттордун кесипкөйлүгүн сынайт. Өз ишин мыкты билгендер башка жерден да мыкты иштейт. Экинчи бир жагынан судьялардын тажрыйбасын байытат. Жыйынтыгында мыйзамды урматтап, сот адилеттигине салымын кошо турган тартип - кыргыз жергесинде дагы жакшы жемишин берет деп айтылууда.