Жаңылыктар
Көл жээкке эркин кирүү камсыз кылынат
Кыргызстан жаңылыктары
Көл жээкке эркин кирүү камсыз кылынат

Эс алуучулардан каражат тапкандардын катарында Чолпон-Ата шаарынын тургуну Сыртбай Артыкбаевдин үй-бүлөсү да бар. 

Ал жай мезгилин чыдамсыздык күтүүдө. Туристтерди кабыл алуу үчүн конок үйүн даярдап жатат. Бирок анын үйүнө келген эс алуучулар да, өзү да жакын жердеги тиешелүү шарты бар кум жээкке кире албайт. Көлгө жакын жери тосмолонгон пансионатка каражат төлөп кирүүгө же алысыраак жайгашкан жээкке барууга аргасыз.