Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 15-майда өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.