Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 7,1 пайызды түздү.
Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ошол эле учурда тамак-аш азыктарына жана алкоголдук ичимдиктерге, суусундуктарга жана тамекиге 9,8 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 4,2 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 2,4 пайызга өсүүлөрү байкалды.