Президент Садыр Жапаров «Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, ушул жылдын 1-июнунан тартып калктын аялуу катмарларын, анын ичинде бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды баккан жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү тапшырмасы Министрлер Кабинетине берилди.
1) мамлекеттик төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн өлчөмдөрүн көбөйтсүн:
– 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду – 810 сомдон 1200 сомго чейин;
– жалпы оорудан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
– жалпы оорудан II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
– жалпы оорудан III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
– ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
– Баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
– улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
2) бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү киргизсин;
3) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;
4) 2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;
5) ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган чараларды көрсүн.