Жаңылыктар
Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү өсүүдө

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын көлөмү дээрлик 203 млрд сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын төрт айында 189 млрд сомду түзүп, 3,5 пайызга өстү. 

Андан тышкары, 2022-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциянын көлөмү дээрлик 116 млрд сомду түзгөн.