Жаңылыктар
Медицина борборунун директору пара менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Медицина борборунун директору пара менен кармалды

Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды. 

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, 13-майда саламаттык сактоо тармагындагы кызматтык укук бузууларга жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында

100 500 сом пара алып жаткан жеринен облустун саламаттык сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору кармалды. 

Кармалган жаран акча каражатын орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан облустун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган. 

Учурда тергөө жүрүп жатат.