Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 807 млн куб метрди түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 807 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 14-майда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 807 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 352 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 245 куб метрге жетүүдө.