Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын суу жээктерине кирүү укугу камсыз кылынат
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын суу жээктерине кирүү укугу камсыз кылынат

1-июлдан тартып Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын суу жээктерине кирүү укугу камсыз кылынат. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Документте айтылгандай, Ысык-Көлдүн табияты Кыргызстандын азыркы жана келечектеги муундары үчүн таберик энчи болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан көптөгөн курорттук-рекреациялык объекттер ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүн чектеп жатат. Ошол эле учурда “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамдын, Өкмөттүн “Ысык-Көл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомунун жергиликтүү калктын пляж аймактарына эркин кирүүсүн камсыз кылуу бөлүгүндөгү талаптары көп учурларда эске алынбай калууда. Жогоруда аталган мыйзамдардын жоболорун бузуулар Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарынын нааразычылыгын пайда кылып жатат.

Жарлыкка ылайык, калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынат. Тосулган тосмолор алынып, мындан ары тосмо орнотууга тыюу салынат.

Менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери суу жээктерин биодааратканалар менен жабдууга милдеттендирилет.