Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Москвада ЖККУнун саммитине катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Москвада  ЖККУнун  саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров төрагалык кылуучу тарап — Армения Республикасынын чакыруусу менен 16-майда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин саммитине катышат.

Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн кабыл алуу күтүлүүдө.