Жаңылыктар
Талант Мамытов Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту

Төрага Талант Мамытов Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн ортосундагы алакаларды арттыруу, парламенттик байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Талант Мамытов Сердар Бердымухамедовду боордош Түркмөнстан мамлекетинин Президенти болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары, эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун эске салган Жогорку Кеңештин Төрагасы “Кыргызстан мамлекеттер аралык калыптанган байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар. Айрыкча, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө  менен энергетика жана айыл чарба жаатында кызматташуу артыкчылыкка ээ. Ошондой эле парламенттер аралык диалогду кеңейтүүбүз кажет”, – деди. 

Төрага Президент Садыр Жапаровдун былтыр Түркмөнстандагы расмий иш сапары тууралуу сөз кылып, түркмөн Президентин да Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Түркмөнстандын Президенти биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы пикири менен бөлүшүп, Кыргызстан менен ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнү көздөрүн айтты.