Сузакта Кара-Дарыянын ортосундагы аралчада эки сутка калган жаран куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кемпир-Абад суу сактагычынан 280 куб метр суу агып чыгып, Арал айылынан өткөн дарыянын Кундузчу участогунун деңгээли көтөрүлгөн.
Натыйжада, дарыянын ортосунда аралчада күрүч эгип жүргөн киши кайра өтө албай калган. Окуя 11-майда болуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 12-май күнү билдирилген. Куткаруу иштерине жалпы 11 адис тартылып, алар кайык менен аралга сүзүп барып, 60 жаштагы эркек кишини жээкке алып келишкен. Куткарылган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы. Жеринде куткаруу ишин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлдөгөн.