Жаңылыктар
Арзыбек Кожошев «Чалдовар» жана «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пункттарын текшерди
Кыргызстан жаңылыктары
Арзыбек Кожошев «Чалдовар» жана «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пункттарын текшерди

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Чалдовар» жана «Чоң Капка» өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды алып чыгууда электрондук эсеп-фактуралардын болушуна мониторинг жүргүзүү механизминин аткарылышын текшерди.

Арзыбек Кожошев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда кол коюлган протоколдун аткарылышын камсыз кылуу боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан милдеттер коюлганын баса белгиледи. Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Арзыбек Кожошев «Чоң-Капка» көзөмөл өткөрүү жайында жүк ташуучулар жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Көчмө жыйындын жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматына, Ички иштер министрлиги, мобилдик топтор менен биргеликте өткөрүү пункттары аркылуу өткөн жүк ташуучу унааларда экспорттолуучу товарларга электрондук эсеп-фактуралардын болушуна көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. 

Ошондой эле Салык кызматына жүк ташуучулар арасында электрондук эсеп-фактураларды алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды. Транспорт министрлигине “Чалдовар” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жердеги жолго 50 метр бөлүүчү тилке орнотуу, ошондой эле бир жуманын ичинде кошумча тилкелерди куруу аркылуу жолду кеңейтүү боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырылды. Арзыбек Кожошев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында учурда иштебей турган «Кичи Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктуна да барды.

Тиешелүү мамлекеттик органдар “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктундагы жарандарды жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүү ишин жандандыруу маселесин иштеп чыгышы керек.