Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түркмөнстандын Милли Генгешинин Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. Мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланып, айрыкча парламенттик алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.
Талант Мамытов Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россиянын парламенттер аралык алгачкы форумуна чакыргандыгы үчүн Гурбангулы Бердымухамедовге ыраазычылык билдирип, бул форум аталган өлкөлөрдүн парламенттик кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө болооруна ишенерин кошумчалады. Гурбангулы Бердымухамедов президент Садыр Жапаровдун өткөн жылы Түркмөнстанга жасаган иш сапарын эске салып, анда маанилүү багыттар боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи. Төрага Талант