Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кылмыштуулук көрсөткүчү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 46 процент төмөндөгөнүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун делегациясы менен жолугушууда ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.
Министрдин айтымында, соңку он жылдан бери мындай көрсөткүч алгачкы жолу катталууда.
Ниязбеков кылмыш көп катталуучу жерлерге орнотулган 136 видеобайкоо камераларынын жардамы менен кылмыштардын жүзүн ачуу көрсөткүчү 25 процентке жакшырып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 40 процентке азайганын кошумчалады.