Жаңылыктар
Казинону мыйзамдаштыруу боюнча документ биринчи окууда жактырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Казинону мыйзамдаштыруу боюнча документ биринчи окууда жактырылды

"Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамдар парламентте бүгүн биринчи окуу каралды.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Улан Сарбановдун айтуусунда, мыйзам долбоорлору инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. 

Долбоорго ылайык, Кыргызстандын аймагындагы оюн-зоок жайларынын ишинин, аны мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздери, оюн-зоок жайларын түзүүнүн жана күтүүнүн тартиби, кумар оюндарын уюштуруу жана аны лицензиялоо, кумар оюндарын өткөрүүнү көзөмөлдөө жана оюн-зоок ишинин субъекттеринин жоопкерчилиги аныкталган. Кыргызстанда кумар оюндары лицензияланган ишкердиктин түрү болот жана уруксат документтери акы төлөнүүчү негизде берилет. Долбоордо лицензиялык төлөө өлчөмүн Министрлер кабинети аныктоосу сунушталган.