Жаңылыктар
Министрлик мугалимдин көбөйтүлгөн айлыгы туруктуу сакталарын билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлик мугалимдин көбөйтүлгөн айлыгы туруктуу сакталарын билдирди

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлык акысы сентябрь айынан тартып да көбөйгөн боюнча туруктуу сакталарын маалымдады. Министрликтин басма сөз кызматы 12-майда тараткан маалыматка ылайык, 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы сакталат. 

"Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орто мектептерде жана бала бакчаларда иштеген мугалимдердин айлык акысы саатына эмес, оклад катары төлөнө баштады. Ошондой эле төмөнкү базалык ставка белгиленди, буга жараша оклад эсептелет" деп жазылган маалыматта. Жаңы окуу жылында мугалимдерге 1,5 ставкадан ашык иштөөгө уруксат берилбейт. Ал эми 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы кемитилбей сакталат. Бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин маянасы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде педагогдуку 80 пайызга, административдик башкаруу кызматкерлериники 50 пайызга, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80 пайызга көбөйдү.