Жаңылыктар
Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү

Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ кечинде сел Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун 4-6-7-чакырымдарында жүргөн. 

Натыйжада, Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарында, Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында, Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында 12 турак жайга зыян келтирилген, анын ичинен 4 үйдүн жертөлөсүнө, 8 турак жайдын короосуна, 1 мектептин, 1 бала бакчанын жана медициналык борбордун короолорун каптаган. 

Жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам тобу, Кара-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук №25 бөлүмдөн 16 куткаруучу жана башка тиешелүү адистер, техникасы менен тартылды.