Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жамааты Ысык-Көлдө чоң программадагы концерт берет.
"Улуттук филармония ыр-күү сунат жалпыга, касиеттүү Ысык-Көлдүн калкына!" аталышындагы маданий иш-чара Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри, Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Түгөлов атындагы "Ак-Марал" бий ансамбли жана улуттук филармониянын эл артисттери, эмгек сиңирген артисттеринин катышуусунда өтөт.
Маданий мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, "Каракол шаары — КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору" деп жарыяланышына жана улуттук филармониянын 85 жылдыгына карата уюштурулмакчы. Концерт 17-18-май күндөрү Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрында болот.