Жаңылыктар
Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды

Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

11-майда, кечки саат алтылар чамасында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 265-чакырымы кум-шагылга толгон.

"Эки тараптуу убактылуу жабылган Ош – Баткен – Раззаков жолу кечки саат сегизден кийин бир тараптуу ачылды", - деп айтылат маалыматта. Жеринде ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана тазалоо иштерине №3 жол тейлөө ишканасынан жана жергиликтүү 2 техника тартылган.