Жаңылыктар
Акылбек Жапаров кассалык аппараттарды колдонууну текшерүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров кассалык аппараттарды колдонууну текшерүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук айылындагы "Жибек жолу" базарына капыстан барды. Жапаров базардын соодагерлери жана сатып алуучулары менен баарлашып, социалдык-экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, акчалай төлөмдөрдү жүргүзүүдө кассалык аппараттарды колдонуу жана чектерди талап кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Сокулуктагы кичи дүкөндөрдүн биринде болуп, алкоголдук ичимдиктердин акциздик маркаларынын аныктыгын текшерди. Кыдырууда аткезчилик продукциялар аныкталды.