Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы уюштурулду. Тиешелүү Жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Учурда Кыргызстан билим берүүнүн дүйнөлүк стандарттарына умтулуп жаткан кези. Бул жаштарга эл аралык жогорку окуу жайлардын алдыңкы 100 дүйнөлүк рейтингине кирген окуу жайларында билим алууга мүмкүндүк берет. Стипендияны ыйгаруу сынактын негизинде республикалык комиссия тарабынан аныкталат.