Жаңылыктар
Нарын шаарын катуу шамал жарыксыз калтырды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарын катуу шамал жарыксыз калтырды

Нарын шаарында болгон катуу шамал эки электр түркүгүн кулатып, чубалгыларды үзүп кеткендиктен калаанын бир топ тилкеси жарыксыз калган. 

Шамал Нарын мамлекеттик университетинин имаратынын чатырын учуруп кеткен. Ошол аймактагы электр түркүктөрү кулаган. Бул туурасында "Ала-Тоо 24" каналынын аймактык кабарчысы Алишер Аскарбеков Фейсбук баракчасы аркылуу жарыялады. 

Андан сырткары, калаанын борбордук бөлүгүндөгү кабаттуу үйдүн чатырын жарым-жартылай учурган. 

Мэриядан РТС аймагында электр энергиясы берилгендигин, башка жерлерде электр кубатын калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.