Бүгүндөн тарта бардык мамлекеттик органдар Президенттин Администрациясы менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу иштеп баштайт.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, система бир катар артыкчылыктарга ээ. Тактап айтканда, документтерди борборлоштурулган сактоого, документтер боюнча иштердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүгө, кызматкерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана маалыматка жетүүнү жеңилдетүүгө жардам берет.
Бүгүнкү күндө системаны 37 мамлекеттик орган колдонот.