Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда кызматтар үчүн төлөмдөр эми POS-терминалдар аркылуу банк карталары менен дагы кабыл алынат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Ведомстводон белгилешкендей, бүгүнкү күндө калкка көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар толугу менен автоматташтырылды. Төлөм жүргүзүлгөндө автоматтык түрдө уникалдуу код берилет.