Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору базарларда жана башка соода объектилеринде пландан тышкары рейддерди өткөрө баштады.
Мындай иш-чаралар Бишкек жана Ош шаарларындагы массалык ууланууга байланыштуу өткөрүлүүдө.
Оорулардын алдын алуу департаменти жарандарга тамак-аш сатып алууда сак болууну эскертет.
Тагыраагы, тез бузулуучу азык-түлүктөрдү сактоого тиешелүү шарттары жок соода жайларынан сатып алууга болбойт.