Чекене рынокто товардын эч кандай тартыштыгы жок.
Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Баалардын мониторингинин жыйынтыгында республика боюнча өсүмдүк майынын орточо баасы литрине 127 сомдон 145 сомго чейин өзгөрүп жатканы белгилүү болду.
Кант 60 сомдон калыстык менен сатылат. Жергиликтүү өндүрүштөгү биринчи сорттогу ундун 1 кабы 1 миң 650 сомдон сатылып, килограммы 33 сомду түзүүдө.
Ошол эле учурда жаңы түшүмдүн пайда болушуна байланыштуу картошка, сабиз, пияз, капуста, помидор, бадыраңдын баасы төмөндөөдө.