Жаңылыктар
УКМК Баткен облусундагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысын аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК Баткен облусундагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысын аныктады

2016-жылдын 27-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин буйругу менен Халмион айыл өкмөтүнө караган 34 жарым гектар жер тилкеси “жайыт” категориясынан “Калктуу конуштарга” которулган. 

Буйруктун негизинде Халмион айыл өкмөтү 2021-жылга чейин жеке турак жай курууга "Ирелеш" конушунан 50 жер тилкесин бөлүп, буга "Кадастр" мамлекеттик мекемеси жеке менчик укугуна актыларды берген. "Кыргызмамжердолбоор" мамлекеттик институтунун маалыматы боюнча Ирелештеги 14 жарым гектар жер "жайыт" деп көрсөтүлгөн. 

Жер кодексине ылайык жайыт айыл чарба багытындагы жерлерге кирет. Аны башка категорияларга которуу Өкмөттүн милдети. 

Кодекстин негизинде айыл чарба багытындагы жерлер райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жерлердин башка категорияларына ылайык берилбейт. 

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.