Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы кафедеги кыз узатуудан 32 адам ууланды.
Тойго 180 киши келген. 9-майдан бери кафеде болгондордун ичинен тамактан ууланган белгилер менен ооруканага 32 адам кайрылган.
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык алардын 11и Сүлүктү шаарындагы ооруканада, 21 киши амбулатордук шартта дарыланып жатат.
Жабыркагандардын абалы орточо оор деп бааланууда. Конокторго эт кошулган палоону кафе бышырып берсе, салаттарды салтанаттын ээлери үйүнөн жасап келген.
Кафеге санитардык-гигиеналык эрежелерди бузгандыгы үчүн 15 миң сом айып салынды.