Жаңылыктар
Ата мекендик өндүрүш колдоо
Кыргызстан жаңылыктары
Ата мекендик өндүрүш колдоо

Мамлекет тарабынан ата мекендик өндүрүш колдоого алынып, жергиликтүү компаниялардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Буга чейин ири тармактарга чет элдик компаниялар тартылып келсе, ушул тапта жол-транспорт багытында жергиликтүү өндүрүшчүлөр кызмат көрсөтүшүүдө.

Кытай өндүрүшөн чыгарылган заманбап техникалар Кыргызстандын жолдорун оңдоо үчүн алынып келинүүдө. Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолун куруу үчүн тендерден утуп алган компания былтыркы жылдын соңунда бул техникаларга буйрутма берген. Мындан бир жарым ай мурда дал ушундай 150 техника келген болсо, азыркы тапта дагы 50 дөн ашык техника алынып келинди. Эми мунун баары акырындык менен Тоң районунда жайгашкан жол куруу базасына алып барылат.

Акыркы жылдагы ата мекендик ишканаларга болгон колдоолор, мурда чет элдик компанияларга субподрядчы болуп иштеп келген жергиликтүү ишкерлердин жолун ачты. Мамлекеттик маанидеги ири жол куруу боюнча 15 жылдан ашык тажрыйба топтоп койгон жол куруучу компания ушул тапта жаңы жабдууларды алып, техникалык базасын чыңдап алды. Эски асфальтты кырып тазалоочу, жолду түздөөчү, бетон куюп кайра аны жерге жаткыруучу техникалардын 20 дан ашык түрү бар.