Өндүрүш – экономиканын күрөө тамыры. Ишкерликти колдоого артыкчылыктуу көңүл бурулуп, жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Жалал-Абад облусунда кайра иштетүү тармагындагы 22 субъектиге аз пайыздуу насыя берилди. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашкан ири долбоорлор бар.
Иш ыргагы кызуу жүрүп жаткан Сузактагы кыш чыгаруучу завод быйыл ишке кирди. Кубаттуулугу күнүнө 30 миң даана кыш чыгарат. Ишкер Эркинбек Усенов өндүрүштү курууга жумшалган 250 миң долларды кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан алган.