Бүгүн кыргыз сомунун кабыл алынган күнү. 1993-жылы 10-майда, ошол кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышев баштаган өкмөттүн демилгеси менен кыргыз сому кабыл алынып эркин валюта катары жүгүртүүгө киргизилген.
СССР дин таркашы менен андагы мамлекеттер үчүн кыйын кырдаал түзүлгөн. Инфляциянын болуп көрбөгөндөй өсүшү, шериктеш мамлекеттердин алкагында макулдашылган салык, валюта, баа, бажы саясатынын жоктугу, өкмөттөр аралык эки жана көп тараптуу макулдашуулардын натыйжалуулугунун жетишсиздиги орун алган. Бул көйгөйдөн арылуу үчүн КМШ мамлекеттери өзүнүн улуттук валютасын киргизип, жеке экономикалык саясатын жүргүзүү зарыл болгон. Мындай кадамдарды алгачкылардан болуп Кыргызстан жасаган.