Жаңылыктар
Мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерин сынактык негизде дайындоо сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерин сынактык негизде дайындоо сунушталууда

Мектептер менен бала бакчалардын директорлорун сынактык негизде дайындоо сунушталууда. 

Бул туурасында жаңыдан иштелип чыккан "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоорунда жазылган.

Документ Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында коомдук талкууга чыгарылды. Колдонуудагы мыйзамга ылайык директорлорду мамлекеттик орган сынагы жок дайындайт. Демилгелеген мыйзам коомдук талкуудан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Ал жактан колдоо тапса, документке Президент кол коюшу керек. Ошондон кийин гана күчүнө кирет.