Алай районунда селдин кесепеттери толугу менен жоюлганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн сел каптаган ар бир айылга райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн техникалар жана күч тартылган. Алардын жардамы менен Корул айыл аймагына караштуу Кең-Жылга айылындагы 264 куб метр сел калдыктары тазаланды. Ушул эле аймакка тиешелүү Нооруз тилкесиндеги 80 метр сайдын нугу бурулду.
Ал эми Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Курманжан Датка айылында 180 метр сайдын нугу тазаланган.
Учурда Алай районундагы жабыркаган айылдарда үйлөрдүн короолору жана социалдык объекттер сел калдыктарынан толук тазаланды.