Жаңылыктар
Кыргызстанда текшерүүнүн жыйынтыгы менен 13 автомектеп жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда текшерүүнүн жыйынтыгы менен 13 автомектеп жабылды

Кыргызстанда текшерүүнүн жыйынтыгы менен 13 унаа мектеби жабылды. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, мындай чечим объектилер тиешелүү талаптарга жооп бербегендиктен кабыл алынды. Дагы 100дөн ашык мектепке жалпы суммасы 673 миң сомдук айып салынды. Жол кырсыктарын азайтууга багытталган текшерүүлөр дагы улантылат, — дешти башкармалыктан.