Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү мекемесинде өрт чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү мекемесинде өрт чыкты

Бишкекте Маликов көчөсүндөгү №47 түзөтүү мекемесинде өрт чыкты. 

Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ага ылайык, мекеменин ичинде 200 чарчы метр шифер менен жабылган эки кабаттуу имараттын чатыры жана үч бөлмөсү күйгөн. 

Сутка ичинде республиканын аймагында жети өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө сегиз бөлүм тартылган.