Бакиевдин убагында энергетика тармагын көмүскө башкарган, "Дастан" ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов кармалды.
УКМК билдиргендей ал коррупцияга шектелүүдө. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Ширшов Ысык-Көлдөгү "Аврора плюс" эс алуу борборундагы 56 батир жана 27 коттеджди мамлекеттин менчигинен жеке жакка өткөргөндөрдүн негизги уюштуруучуларынын бири болгон. Ири коррупциялык схемага соттор жана мамлекеттик органдар аралашкан. Бакиевдин бийлигинин тушунда Кыргызстандын бардык энергетика тармагы Ширшовдун колунда болгон. Ал Максим Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын катарына кирген. Эл арасында "Ширшовдун схемасы" деген сөз дагы эле колдонулат.