Жаңылыктар
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Өзгөчө оор кылмышка шектелип, мурда тергөө органдарынан качып жүргөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. 

Шектүү 9-майда Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан колго түшкөн. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп, Жалал-Абад облусунун тургунунун ден-соолугуна оор залал келтирген. Ал кылмыш-жаза кодексинин "Ден-соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча айыпталып, тергөө жүрүп жатат.