Жаңылыктар
УКМК согуш ардагерлерин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК согуш ардагерлерин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

Урматтуу мекендештер! Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктайбыз. 

Миллиондогон адамдардын өмүрү, талыкпай жасаган каарман эмгеги, жалпы эл-журтубуздун жакшылык эңсеген тилеги аркылуу келген бул тынчтык күн Жеңиши ар бирибиздин тагдырыбызга терең из калтырып, тарыхта түбөлүк өчпөс болуп жазылган. Каарман аталарыбыздын жана энелерибиздин, агаларыбыз менен эжелерибиздин, бардык боордош ак дилдүү адамдардын келечек үчүн, урпактардын бак-талаайы үчүн жасаган бул улуу тилек салтанаты бизди көп нерсеге милдеттендирет. Улуу муундагылардын ушундай жашоо идеалына ар качан татыктуу бололу! Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш күнүндө чын жүрөктөн куттуктап, аманчылык, ден соолук, асманыбыз ачык болуп, өлкө бакубатчылыгынан үзүр табышыңыздарга тилектешпиз.