Ага катышчулар Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында чогулган.
Иш-чаранын катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен ылдый түшүп, "Жеңиш" аянтына чейин жөө басышты. Жүрүшкө чыккандар колдоруна согушка катышкан, оорукта эмгектенген ата-апаларынын портреттерин көтөрүп алышкан.
Эске салсак, акыркы эки жылдан бери "Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдан улам онлайн-форматта уюштурулуп келген. Быйыл Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата кадимки тартипте өттү.
Бул иш-чара Бишкек шаарынан тышкары Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка аймактарда да өтүп жатат.