Жаңылыктар
Айттырбай келген тилсиз жоо: селдин кесепетин жоюу иштери
Кыргызстан жаңылыктары
Айттырбай келген тилсиз жоо: селдин кесепетин жоюу иштери

Узаган аптада нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы айрым айылдарды сел каптады.

Жаздагы сел ташкындары, жер көчкүлөрү республиканын аймагында жыл сайын эле катталат. Айрыкча өлкөнүн түштүк аймагында негизги көйгөй. Айтырбай келген тилсиз жоо дегенибиз менен алдын алсак да болот эле. 

Республиканын аймагында 2 миңден ашык суу тосмолору жана дамбалар болгону менен алардын көбү өткөн кылымдын курулушу же союзду эскерткен эстелик бойдон калып кеткен. Табияттын кырсыгы, жергиликтүү бийликтин ага камылгасынын жоктугунан жүздөгөн турак жайды, социалдык обьектилерди суу каптады.

Аталган аймактардагы тургундардын турак жайы гана жабыркабай бир тобу жылдык кирешесинен да кол жууп отурат. Айдап койгон айдоолорунун көбү ылайга айланып калды. Кенерээк кийинки материалда.