Жаңылыктар
Аткаруу бийлиги дыйкан фермерлерди арзан насыя менен камсыздоого айрыкча көңүл бурууда
Кыргызстан жаңылыктары
Аткаруу бийлиги дыйкан фермерлерди арзан насыя менен камсыздоого айрыкча көңүл бурууда

Эл эмгегин жер жебейт. Ирригация, сугат дегенибиз менен дыйкандар колунда каражаты жок болсо эмнени айдап, эмнени сугарат? Андыктан аткаруу бийлиги дыйкан фермерлерди арзан насыя менен камсыздоого да айрыкча көңүл бурууда. Арзандатылган насыяларды берүү экономикага салым болот, жумуш орундары түзүлөт, калктын социалдык абалына да албетте таасир этет.

Айыл чарбасына мындай көңүл бурулап жатканын себеби, акыркы эки жылдагы пандемия, чек аралардын жабылышы, азыркы каатчылык кырдаал өзүбүздү өзүбүз камсыздоо керек экендигин түшүнгөнүбүздө. Сырттан ташып келгенди азайтып, ата мекендик өндүрүштү көтөрбөсөк импортко көз каранды болуунун кесепети эмне экенин билдик окшойт. Айыл чарбасын өнүктүрүү дегенибиз аймактарды өнүктүрүү, элди жумуш менен камсыз кылуу, экономиканы өнүктүрүү деген эле сөз.