Күздүн камын жазда көр. Быйылкы жылы аткаруу бийлиги негизинен эки маселеге өзгөчө көңүл буруп жатат. Биринчиси азык түлүк коопсуздугун камсыздоо, экинчичси сугат суу көйгөйүн болтурбоо. Былтыркы жылдагы кургакчылык, ага кошулган ирригация тармагынын талкаланышы маселе курч экендигин, көңүл буруунун убагы келгенин көрсөттү көрүнөт. Мындан улам былтыр орум-жыйым бүткөн кеч күздөн тарта эле сугат мезгилине даярдык башталган.
Айыл чарбасы экономиканын негизги тармагы дегенибиз менен анын өнүгүшүнө өбөлгө боло турчу ирригация маселесине канчалык көңүл бурдук? Буга чейин бул багытка 300 млн сомго жетпеген каражат каралып келген. Ал жамап-жаскаганга эле жетпесе капиталдык оңдоп түзөөгө жеткен эмес. Быйыл ирригация тармагын калыбына келтирүүгө млрд сом бөлүнүп, учурда бир тобу өздөштүрүлүп бүтүп калды. Он беш күндөн кийин Чүй боорунда массалык түрдө сугат башталат. Даярдык кандай болгонун ошондо баамдасак болот. Болбосо былтыр аптап башталган июнда суу жетпей, айдоо аянттары күйүп кеткен.
Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 256 чакырым канал оңдолду. 315 чакырымдан ашыгы механикалык тазаланды. 14 скважина, 84 насостук станция оңдолду. Белгилей кетсек, республика боюнча 1 млн 24 миң гектар айдоо аянты бар, алардын 300 миң гектарга жакыны суу сактагычтар менен сугарылат.