Өлкөнүн жаңы баш мыйзам менен жашап жатканына туура бир жыл болду. Былтыр жаздагы жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган конституциянын жаңы редакциясы президенттик башкарууга негиз болду. Ички саясат менен тышкы саясатка, экономика менен чарбага бир адам жооп берип, мамлекеттин да аткаруу бийлигинин да башчысы президент деп көрсөтүлгөн. Мындай кадамга барууга акыркы он жылдагы саясий абал себеп болду. Кол жоолуктай алмашкан өкмөт, ордодогу оюндар же саясатта же экономикада туруктуулук алып келген жок. Парламент президентке, президент өкмөткө шылтап, жоопкерчилик жок болгондон улам жаңы баш мыйзам кабыл алуунун саясий негизи ушул болду.
Эгемендик алган чейрек кылымдан ашык мезгилде конституциябыз ондон ашык жолу өзгөрүүгө туш болду. Мындайча айтканда ар бир үч жылда баш мыйзамды өзгөрткөнбүз. Ачыгын айтышыбыз керек алардын баарында эле өлкөнү өнүктүрөйүн деген асыл ой болгон жок. Тескерисинче бийлигимди чыңдайын, мөөнөтүмдү узартайын деген учурлар дагы болду. Де-факто башка, де-юре таптакыр башка болгон башкарууну да көрдүк. Өзгөрткөнгө болбойт деп баш мыйзамдын өзүнө жазып коюп да өзгөрттүк.