Президент Садыр Жапаров кечээ күнү Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Каракол эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды. Анын айтымында 2026-жылга чейин өлкөдөгү аэропорттордун инфраструктурасы жакшыртылат. Атап айтсак, “Ысык-Көл”, “Каракол”, “Нарын”, “Ош”, “Жалал-Абад” жана “Баткен” аэропорттору, Казарман менен Таластагы аба жайлар да ишке киргизилет. Анын баарын “Манас” аэропортунун таза кирешесинин эсебинен аткаруу пландалууда. Былтыр аталган мекеме 4 миллиард сом каражат тапкан.
Облустардагы аба жайлардын калыбына келүүсү, ички каттамдардын жанданышы албетте бир нече багытта оң таасирин берет. Биринчи кезекте жол кырсыктарынан улам каза болгондордун статистикасы азаймак. Болбосо аймактар менен борбордун ортосундагы такси каттамдары арбын эле адамдын өмүрүн алып койду. Бул бир. Экинчиден экономикага таасири күч. Туризм өнүкмөк. Анын мультипликативдик таасири бар. Тактап айтканда, кошумча жумуш орундары жаралып, аймактарда көрсөтүлүүчү башка тейлөө кызматтары да, маселен, мейманканалар, таксилер, гиддер, коомдук тамактануу жайлары ачылмак.
Ошондой эле кечээ күнү пезидент Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине дагы барды. Мамлекет башчысы аталган кенде иштей турган 50 даана HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалардын, 4 даана көмүр жүктөгүчтүн ачкычын ташырды. Күз-кыш мезгилинде көмүрдү керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу калкты жана Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун керектүү көлөмдөгү кара алтын менен камсыз кылуу максатында өндүрүштү жылына 1 миллион тоннага чейин жеткирүү пландалууда. Президент кычыгараган кышты күтпөй азыртадан эле калкты көмүр менен камсыз кылуу жумуштарына көңүл буруу керек экендигин эскертти.