Ар бир ишкерликтин өзүнө жараша кыйынчылыгы болот.
Максатка жетүү үчүн талыкпай аракеттенип, көздөгөнүн орундаткан ишкер гана эмгегинин үзүрүн көрөт.
Жалал-Абаддык Жибек Нуруева баштаган ишкерлигинин баардык түйшүгүн тартып, ушул күндө киреше булагын тыңдап, кыз-келиндерди жумуш менен камсыздаган. Жибек айым кондитер таттууларын башында үй шартында жасап жүрүп, кийинчерээк ижарага алган имараттарда иштеген. Азыр эми заманбап атайын имарат куруп, цехте продукциянын 5 түрүн чыгарууда. 25 адамга иш орун түзгөн ишкер, өндүргөн продукциясын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусуна чейин сатат.