Акыркы жылдары дыйканчылык талааларына аёосуз мамиле, тагыраагы алганды билип бирок жерди азыктандырганды билбей жаткан көрүнүштөр көбөйдү.
Же жерди туш келди азыктандырып капчыкка эби-сыны жок коромжу келтирип жатабыз дешет айрым дыйкандар. Натыйжада талаалардын күчү мурда болуп көрбөгөндөй азайды.
Бул көйгөй Талас облусунда 20 жылдан бери тынымсыз айдалып келе жаткан төөбуурчак өстүрүүчү талаалардан даана көрүнөт. Ал ортодо адистер дыйкандарды жердин асылдуулугуна кыянат кылбоого чакырып келет. Бул лаборатория жер кыртышына 14 түр анализ кыла алат. Адистер дыйканчылыкка жапайы эмес, илимий мамиле кылууга мезгил келгенин белгилешет.