Президент Садыр Жапаров капсула салган «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалы 2023-жылдын аягында пайдаланууга берилет.
Министрлер Кабинетинин Токтому менен аба майдандарды жана аэровокзал комплекстерин реконструкциялоо, модернизациялоо боюнча иш-чаралар планы бекитилген.
Анда «Каракол» эл аралык аэропортунун жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен «Каракол» аэродромунун элементтерин реконструкциялоо, ошондой эле «Каракол» эл аралык аэропортунун терминалдык комплекстин жаңы имаратын куруу каралган.
Жаңы терминалдын курулушу Каракол аэропортуна чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Президент Садыр Жапаров «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы терминалынын курулушу боюнча маалыматты угуп, аэродромдорду/аэропортторду куруу жаатындагы иштерди бардык эрежелерге жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык, өз убагында так жүргүзүүнү тапшырды.